21:22
USD 69.84
EUR 79.25
RUB 1.06

Фарид Ниязов КСДПнын саясый кеңешинин курамынан чыгарылбайт

Фарид Ниязов КСДПнын саясый кеңешинин курамынан чыгарылбайт. Бул тууралуу партиянын маалымат кызматы билдирет.

Алардын айтымында, Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушуу учурунда Фарид Ниязовду саясый кеңештин курамынан чыгаруу жөнүндө сөз болгон эмес. Алмазбек Атамбаев анын төраганын орун басарлыгынан гана кетерин айткан.

Эскерте кетсек, бүгүн «Ала-Арча» резиденциясында Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаттары менен жолугушту. Анын жыйынтыгы боюнча билдирген Рыскелди Момбеков экс-президент Фарид Ниязовду саясый кеңештин курамынан чыгарууну айткандыгын маалымдады.

Эң көп окулган жаңылыктар