00:24
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Фарид Ниязовдун камакта калуу мөөнөтү узартылды

Биринчи Май райондук соту президенттин аппаратынын мурунку жетекчиси Фарид Ниязовдун камакта калуу мөөнөтүн узартты. Бул тууралуу КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева билдирди.

Мурунку аткаминер № 1 тергөө абагында 2020-жылдын 9-февралына чейин кармалат.

Маалыматка ылайык, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Кыяз Смаиловго, Амантур Жамгырчиевге ушундай эле бөгөт чарасы тандалды.

Эске салсак, Фарид Ниязовго расмий түрдө массалык башаламандык уюштуруу жана кишилерди барымтага алуу боюнча айып тагылды.

Эң көп окулган жаңылыктар