05:07
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Фарид Ниязов Кой-Таш окуясын иликтеген комиссияга ачык кат жолдоду

Президенттин аппаратынын мурунку жетекчиси жана Алмазбек Атамбаевдин жакын санаалашы Фарид Ниязов 7-8-августтагы Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрүнө ачык кат жолдоду. Ал берилген суроолоруна алынган жооптор иликтөөнүн объективдүүлүгүнөн көз каранды деп эсептейт. 

Ал комиссия мүчөлөрүнө бир канча суроо узатып, жооп берүүну сунуштады:

  • Жергиликтүү тургундардын нааразычылыгын жаратууга себепчи болгон УКМКнын мыйзамсыз жүргүзгөн операциясынан кийин массалык башаламандыкка айыптоолорду карап чыгуу компетенттүүбү?
  • Атайын операцияны мыйзамсыз болгон деп айтууга бир канча негиз айтылып жатса дагы, эмне үчүн атайын операцияны уюштуруу тууралуу чечим кабыл алган кызмат адамдарын кылмыш жоопкерчилигине тартышпайт?
  • «Альфа» атайын бөлүмчөсүнүн кызматкерлерин ким куткарды?
  • «Альфанын» кызматкерлерин ким жардамсыз, колдоосуз калтырды?
  • Эмне себептен Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Кой-Таштан «Медиа Форумга» (эртең менен саат 16:00дө барабыз деп жарыя кылышкандай) бара алышкан жок?
  • Эмне үчүн Алмазбек Атамбаевдин 8-августка караган түнү жасаган билдирүүсүндө бийлик эсине келип, диалог башталышы керек деген чакырык камтылган?

Фарид Ниязов дагы жоопсуз калган көп суроолор бар дейт.

Эске салсак, Фарид Ниязовго расмий түрдө массалык башаламандык уюштуруу жана кишилерди барымтага алуу боюнча айып тагылды.

Эң көп окулган жаңылыктар