20:05
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Фарид Ниязовго жубайы менен жолугушууга уруксат беришти

Президенттин аппаратынын мурунку жетекчиси Фарид Ниязовго жубайы менен жолугушууга уруксат беришти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ЖАМКтан билдиришти.

Маалыматка караганда, уруксатты ИИМдин тергөө кызматы берди. Мыйзам боюнча соттолгондор жакындары менен кыска жолугушууларга укуктуу.

Фарид Ниязовдун жубайынын арызын ИИМдин тергөөчүсү бир ай карады. Соттолуучу жубайы менен кезиктирүүгө уруксат бербей жатканын айтып, акыйкатчыга да кайрылганы маалым болду. Жалпысынан Фарид Ниязов кармалуу шарттарынан нааразы эмес.

Эске салсак, Фарид Ниязовго расмий түрдө массалык башаламандык уюштуруу жана кишилерди барымтага алуу боюнча айып тагылды.

 
Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума