03:17
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Өлкөдө жети миңден ашык гана балага сүйүнчү акча берилген

Кыргызстанда сүйүнчү акча алуу боюнча 13,4 арыз келип түшүп, бирок 7,6 гана балага сүйүнчү акча берилген. Бул тууралуу парламенттин социалдык маселелер боюнча комитетинде маалым болду.

«Бул көрсөткүч аз эмеспи? Ай сайын канча бала төрөлүп жатат? — деген суроону депутат Аида Касымалиева узатты.

«Бул пилоттук долбоор, эл Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылып жатат», — деп жооп кайтарды эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Таалайкүл Исакунова.

Мамлекеттик каттоо кызматы эч кандай роль ойнобой турганын айткан депутат, аталган мекеме үчүнчү оюнчу болуп калганын айтып сынга алды.

"Электрондук маалымат алмашуу болот дегенсиңер, бирок бардыгы кагаз жүзүндө калды",- деди эл өкүлү.

Эң көп окулган жаңылыктар