23:28
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Суу тармагы боюнча мамлекеттик орган түзүү маселеси көтөрүлүүдө

Бүгүн, парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында премьер-министрдин 2017-жылга отчёту каралды.

Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеевдин берген маалыматы боюнча 2017-жылдын жыйынтыгында республика боюнча 207,4 миллиард сом суммада айыл чарбасынын дүң продукциясы өндүрүлдү.

Айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн жалпы көлөмүндө мал чарба продукциясы 45,4%ды, дыйканчылык продукциясы — 52,2%ды, токой жана балык чарбалардыкы — 0,3%ды жана кызмат көрсөтүүлөр — 2,1%ды түзгөн.

2017-жылы «Айыл чарбасын каржылоо-5» долбоорунун алкагында республиканын 15163 айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө 6 миллиард 683 миллион 921 миң сом суммадагы жеңилдетилген насыя берилген. 2017-жылы 480 ар кандай типтеги күнөскана ишке киргизилип, республика боюнча жалпы саны 1928 күнөскананы түзгөн.

«Күнөскана чарбаларынын өнүгүшү тамчылатып сугаруу сыяктуу ресурсту үнөмдөөчү технологияларды киргизүүгө өбөлгө болду. 2017-жылы тамчылатып сугаруу системаларынын саны 2016-жылга салыштырганда 281 чарбага көбөйдү, жалпысы 904 тамчылатып сугаруу чарбасы түзүлдү. 2017-жылы 18 суу чарба объектилеринде долбоордук иштер аткарылды. Анын ичинен 8 обьектте куруу-монтаждоо иштери жүрүп жатат», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар