03:57
USD 89.11
EUR 94.62
RUB 0.95

Сымап камтылган товарлары ташып келүү жүрүмүн жөнгө салуу чаралары каралууда

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети сымап камтылган товарларды жана алардын калдыктарын урунуу жаатында экономикалык механизмдерди киргизүү максатында иштелип чыккан «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Демилгечилердин айтымында, иштен чыккан сымап камтылган буюмдар уулуу сымаптын жана башка зыяндуу заттардын адамдын байыр алуу чөйрөсүнө чыгуу булагы болуп саналгандыктан, аларды тандап чогултуу жана кайра иштетүү зарылдыгы жаралууда. Ошондон улам, экологиялык жагымсыз өнүмдөргө атайын төлөмдөрдү киргизүү, алынган каражаттарды экологиялык таза технологияларды иштеп чыгуу чаралары каралууда.

Өлкө аймагында жүгүртүүдөгү сымап камтылган өнүмдөрдүн жетиштүү саны анын калдыктарынын көбөйүшүнө, демек, экологиялык тобокелдиктердин деңгээлинин жогорулашына алып келет. Мындай товарлардын түрлөрүн өндүрүүнү жана ташып келүүнү чектөөгө, ошондой эле аларды чогултуу жана кайра иштетүү үчүн каржылык базаны камсыз кылууга багытталган экономикалык механизмдерди киргизүү чаралары каралууда.

Депутат Мирлан Бакировдун пикиринде, сымап камтылган товарлардын 90 пайызы сырттан келет, аларды кайра иштетүү акысын мындай товарларды өлкө аймагына алып кирген жактар төлөөгө тийиш.

«Сымап камтылган товарлар таштандыга ташталууда. Аларды кайра иштетүүгө Айдаркен сымап комбинатынын толук мүмкүнчүлүгү бар, бирок акысын аларды импорттогон жактар төлөп берүүгө тийиш», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби