19:24
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Каржы полициясынын башына Болот Сүйүнбаев келди

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчиси Замирбек Осмонов отставкага кетти. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине жеке булактар билдирди.

Маалыматка ылайык, анын кызматтан кетүүсү КНС боюнча 847 миллион сомдун орун мыйзамсыз толтуруу жөнүндө козголгон кылмыш ишине байланыштуу болгон.

Анын ордуна Болот Сүйүнбаев келип, жаңы жетекчи Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын жамааты менен таанышты.

Болот Сүйүнбаев буга чейин УКМКнын орун басары рангында Анализдөө жана тобокелдерди талдоо кызматын 2018-жылдын 7-апрелине чейин жетектеп келген.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума