09:58
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Ош базар жетекчилиги келтирилген зыянды калыбына келтирүүдөн баш тартууда

Ош базар жетекчилиги келтирилген зыянды калыбына келтирүүдөн баш тартууда. Бул тууралуу өкмөт үйүнүн алдына митингге чогулган соодагерлер билдирди.

«Бизде жыйын болуп базардын ээси Бакытбек Бегалиев келтирилген чыгымды калыбына келтире албай турганын айтты. Анын мүмкүнчүлүгү жок экен. Ошол себептен өкмөт үйүнүн алдына чогулдук. Биз келтирилген чыгымды калыбына келтирип берүүнү суранабыз», — дейт алар.

Эскерте кетсек, 13-апрелде таңкы саат 04:00 чамасында Ош базарынан өрт кырсыгы катталган. Жыл башынан бери аталган жай үчүнчү жолу өрттөнүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар