15:03
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Ош базарындагы өрттөнгөн павильондор анын көчүрүлүшүнө байланыштуу эмес

Бишкек шаарындагы Ош базарынын аймагындагы ири өрт тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт.Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрттүн себептери иликтенип жатат.

«Фучик көчөсүндө 4-февралга караган түнү «Азия-Универсал» кичи базарында өрт чыгып, 2 павильон өрттөнгөн. Бул окуя ири өрт категориясына кирбейт», — деп билдирди мекеме.

Өрттөнүп кеткен павильондор Ош базарынын жана Токтогул менен Кулиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги демонтаждалган объекттердин көчүрүлүшүнө тиешеси жок, анткени бул эки башка дарек.

«Шаар боюнча бардык уруксатсыз орнотуулар бузулууда. Бул багыттагы иштер активдүү уланууда. 2023-2024-жылдарда жерди пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы 8 миңге жакын объектини демонтаждады», — деп кошумчалады мэрия.

Эң көп окулган жаңылыктар