13:32
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Социалдык чөйрөгө республикалык бюджеттен 15,4 миллиард сом бөлүндү

2018-жылдын 1-кварталында республикалык бюджеттен социалдык чөйрөгө бөлүнгөн чыгашалардын салыштырма салмагы 51,8 %ды түздү же жалпысынан 15 миллиард 432,1 миллион сом суммасында аткарылды. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 миллиард 601,9 миллион сомго көбүрөөк, — деп маалымдайт Каржы министрлиги.

Бөлүнгөн акча каражаттарынын ичинен социалдык коргоого жумшалган чыгашалардын салыштырма салмагы 24,3 %ды (былтыркыга салыштырмалуу 740,6 млн сомго көбөйүү менен 7 млрд 247,5 млн сомду) түздү. Билим берүүгө сарпталган чыгашалардын салыштырма салмагы 15,8 %ды (былтыркыга салыштырмалуу 138,7 млн сомго азаюу менен 4 млрд 694,5 млн сомду) түздү. Ал эми саламаттык сактоого жумшалган чыгашалардын салыштырма салмагы 10 %ды (былтыркыга салыштырмалуу 658,4 млн сомго көбөйүү менен 2 млрд 980,8 млн сомду) түзгөн. Андан тышкары эс алууга, маданиятка жана динге сарпталган чыгашалардын салыштырма салмагы 1,7 %ды (былтыркыга салыштырмалуу 64,3 млн сомго көбөйүү менен 509,3 млн сомду) түздү.

-Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматка бөлүнгөн чыгашалардын салыштырма салмагы (мамлекеттик карыздын негизги суммаларын кошкондо) 25,9 %ды (былтыркыга салыштырмалуу 523,6 млн сомго азаюу менен 7 млрд 728 млн сомду) түздү.

Турак жай-коммуналдык чарбага жумшалган чыгымдардын салыштырма салмагы 2,5 %ды (өткөн жылдагыга салыштырмалуу 30,4 млн сомго азаюу менен 750,9 млн сомду) түзгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума