19:47
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Оппозициячылар Жолдубаева менен Сегизбаеди өлкөдөн чыгарбоону суранышууда


Жогорку Кеңешинин депутаттары камактагы оппозициячылар менен жолукту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда депутат Каныбек Иманалиев иш-чаранын катышуучулары тарабынан айтылган сунуштар менен сын-пикирлердин баары жаңы Башкы прокурорго берилерин белгиледи.

Камалган жарандардын туугандары менен адвокаттары болуп өткөн сот процесстери, азыркы тапта камактагы кармоо- шарттар тууралуу маалымат беришти. Ошону менен катар алар эл өкүлдөрүнөн экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева менен УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев республика аймагынан сыртка чыгып кетпөөсүн көзөмөлдөп берүүнү өтүнүштү.

Ошондой эле алар жана алардын орун басарлары тарабынан кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчилик маселесин кароо зарылдыгы айтылды. Мындан сырткары, соттук чечимдерди текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушу дагы болду.

Эл өкүлдөрү мындай депутаттык комиссия түзүү тууралуу Жогорку Кеңештин токтом долбоору парламенттин кароосуна киргизиле тургандыгын билдиришти.

Эң көп окулган жаңылыктар