16:55
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Өмүрбек Текебаевдин камерасынан видео байкоо алынат

Өкмөт башчы Сапар Исаков 11-апрелде Жаза аткаруу кызматынын башчысына Таалайбек Жапаровго Өмүрбек Текебаевдин камерасындагы видеокөзөмөлдү алып салуунун мыйзамдуулугун карап көрүүнү тапшырды.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Таалайбек Жапаров бул маселе чечилерин, видео-көзөмөлдү алып салуу боюнча Өмүрбек Текебаевдин «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин камерасынан видео байкоо алынат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Алардын айтымында, премьер-министр Сапар Исаков депутаттардын суранычынан кийин Жаза аткаруу кызматына саясатчынын камерасынын ичиндеги видеобайкоону алып салууну буйруду.

Жаза аткаруу кызматынын маалыматында, саясатчынын камерасында эки видео байкоо бар. Бирөө кире бериште, экинчиси ичинде. Ичиндеги камерага кызматтын бир гана кишиси байкоо жүргүзө алат.

Эскерте кетсек, видео байкоо боюнча алгач саясатчынын үй-бүлөсү айтып чыгышкан. Алар аны орнотууга Өмүрбек Текебаев каршы болгондугун маалымдашкан. «Ата-Мекен» партиясы аны кыйноого теңеген.

«Жемкорлук» беренеси менен соттолгон Өмүрбек Текебаев жаза мөөнөтүн № 47 абакта, ал эми Дүйшөнкул Чотонов Молдовановкада № 27 абакта өтөп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар