14:24
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Ысык-Көлдүн алмасын жана Ат-Башынын мал базарын унутпаган жапон кыз

Ыктыярчы болуп төрт жыл мурда Кыргызстанга келген Кикуда Каэдэ өлкөнүн аймактарын кыдырып, тил үйрөнүп, каада-салты дагы өздөштүрүүгө жетишти.

Кикуда өзү Канадза шаарында төрөлгөн. Мектепти аяктоо алдында эле чет өлкөдө иштөөнү каалаган. Алгач АКШ жана Европага барууну көздөп, чет өлкөгө барып жогорку билим алып келгенден кийин ою өзгөрүп, Кыргызстанда жапон тилин үйрөнүүгө кызыккандар бар экенин билгенден кийин биздин өлкөгө келет.

— Кыргызстанда жапон маданиятына кызыккандар көп экен. Алгач жапон борборунда ар кандай курстарды өткөрүп жүрдүм. Икебаны, каллиграфия жана каада-салттары, кимоно жана юкатыны кийүү боюнча маалыматтарды берип, ар кандай иш чараларды уюштурдук.
Негизи жапон маданиятына кызыккан адамдарга күн сайын ыраазычылыгымды билдирип жаттым. Анткени аларсыз менде жумуш болмок эмес.

— Өлкөнүн кайсы аймактарында болдуңуз?

— Көп убакытым Бишкекте өттү. Жайында Ысык-Көлгө, кышында Нарынга барып келдим. Нарында Ат-Башынын мал базарында болдум. Ал жердеги элдердин меймандостугу, күлүп жайнап, кенен баарлашуусу жакты. Биз жеген эт да абдан таттуу болчу.

Ысык-Көлдө бозүйдө конуп, жакшы эс алдым. Бөкөнбаев жана Бар-Булак айылындагы алманын даамы дагы эле эстен кетпейт.

— Бишкек сизди эмнеси менен таң калтырды?

— «Ала-Тоо» аянтынын кышкы жасалгасы жакты. Ал эми жайында Т. Сатылганов атындагы филармониянын жанындагы аллеяда тоону карап олтурган жагат. Негизи шаардын мезгилге карата өзгөрүп турганы абдан кооз жана өзүнө тартат.

— Бишкек сизге өз шаарыңыздын эмнесин эске салат?

— Элдин жакшы мамилеси. Бала багууга бардык үй-бүлө мүчөлөрү киришкени. Жапониянын чоң шаарларында албетте, адамдардын мамилеси чектелген. Бирок мен айылга окшош жерде өстүм. Бул жердин тургундары абдан ынтымактуу жана бири- биринин келишин чыдамсыздык менен күтүшө. Кыргызстанда бардык мезгил жакшы, айрыкча күз киндик кан тамган мекенимди эске салат.

— Кайсыл улуттук тамак-ашты жактырасыз?

Бир жолу досумдун туулган күнүндө палоо жеп калдым, «Мадина» базарынан жеген лагман дагы абдан жаккан. Дагы бир жерден коноктон куурдак жедим. Мага үй шартында жасалган бардык улуттук тамактар жагат. Ал эми чучукту ооз тийүүдөн корком

— Жергиликтүү калк менен жакындан таанышканда кандай көңүл калтырууга туш болдуңуз?

— Башында пландалган иштер аткарылбай калганда абдан көңүлүм чөкчү. Андан кийин көнүп калып ар дайым экинчи планды дагы камдап калдым.

Эң көп окулган жаңылыктар