10:22
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Баш прокурор «Ата Мекен» фракциясынын отурумуна келген жок

Баш прокурор Индира Жолдубаева «Ата Мекен» фракциясынын отурумуна келген жок. Бүгүн фракция Баш прокуратуранын 2017-жылга болгон отчётун укмак.

Депутат Бахадыр Сулейманов Жолдубаеванын жыйынга келбегенине нааразы экенин билдирип, себебин сурады.

Анын орун басары Бөкөнбай Казаков, Жолдубаева ден-соолугуна байланыштуу отурумга катыша албай калганын айтты.

«Отурумга сөзсүз келиши керек. Отчётту бир жылда бир берет. Коопсуздук Кеңешинин отурумунда мамлекет башчы башкы прокуратуранын жана башка органдардын жемкордук менен күрөшүү ишин сынга алды. Анын отурумга келбей коюшу туура эмес», — деди депутат.

Эң көп окулган жаңылыктар