00:18
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

«Сөз эркиндигин коргоо комитети» Ормуковдун камалышын айыптады

Кыргызстандагы «Сөз эркиндигин коргоо комитети» бейөкмөт уюму активист Темирлан Ормуковдун камакка алынышын айыптап чыкты. Аталган уюмдун төрагасы, жарандык активист Адил Турдукулов көзү азиз Ормуковду жалгыз камоо кыйноого тете экенин билдирди.

Ал Ормуковдун сот залынан, колуна кишен салып камалышы жана тергөө абагына киргизилишин адамгерчиликсиз чечим катары баалады.

Турдукуловдун айтымында, Ормуковдун үстүнөн парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев арыз жазганы бул чечим «жогор жактан берилген буйрук» болгонун көрсөтүшү мүмкүн.

Аталган уюм башка бийлик органдары Ормуковду бошотуу тууралуу кайрылууларга көңүл бурбай жаткандыктан, президент Сооронбай Жээнбековго, парламентке кайрылып, соттор менен милициянын «катаал аракеттеринен улам» көзү азиз акындын ден соолугу жана өмүрү коркунучта экенин жарыялады.

Активист Темирлан Ормуков 29-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына чакырылып, камакка алынганы жатканда ичин устара менен тилип жиберген. Ал мындай кадамга өзүн куугунтуктоого каршылык иретинде барганын билдирген. Кийин «Кыргыз темир жолу» ишканасынын атайын ооруканасынын кардиология бөлүмүнө жеткирилип, дарыланып жаткан. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери бүгүн аны ооруканада жаткан жеринен колуна кишен салып алып кеткен, № 1 тергөө абагына жеткирилген.

Темирлан Ормуков президентти сындаган ырынан «аймак аралык кастыкты козутуунун» белгилери табылганы жана «жалаа жабуу» боюнча айыпталган. Бул боюнча арызды Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жазган. Октябрь райондук соту Ормуковду «соттук отурумдарга келбей жатат» деген жүйө менен аны бир айга № 1 тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган. Буга улай анын батири да камакка алынган.

Ормуков бул кылмыш иштерин саясий куугунтук деп баалап келет. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов мындай дооматты четке каккан.

Эң көп окулган жаңылыктар