23:27
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Акын Темирлан Ормуков камалды

Азиз акын Темирлан Ормуков камакка алынды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине активист Адил Турдукулов билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн милиция ооруканага келип, анын колуна кишен салып алып кеткен.

"Аны камакка алуу тууралуу эч кандай документти көргөн жокпуз. 48 саат аралыгында акындын баш коргоо чарасы аныкталат. Аны жалпы камерада кармала турганы айтылууда. Учурда акын ачкачылык акциясын жарыялады«,- дейт ал.

Активист Темирлан Ормуков 29-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына чакырылып, камакка алынганы жатканда ичин устара менен тилип жиберген. Ал мындай кадамга өзүн куугунтуктоого каршылык иретинде барганын билдирген. Кийин «Кыргыз темир жолу» ишканасынын атайын ооруканасынын кардиология бөлүмүнө жеткирилип, дарыланып жаткан. Дарыгерлер анын ичиндеги тилиги коркунучтуу эмес экенин, активист жүрөгү боюнча дарыланып жатканын билдиришкен.

2016-жылы Башкы прокуратура Темирлан Ормуковдун президентти сындап, Интернетке жазган ырында «аймак аралык кастыкты козутуунун» белгилери аныкталганын жарыялаган. Бул боюнча арызды прокуратурага депутат Дастан Бекешев жазган.

Кийин Ормуков кайра Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевди бир катар мыйзамсыз иштер боюнча айыптап, милицияга арыз жазган. Анын арызындагы маалыматтар ырасталбай калып, быйыл февраль айында Ормуковго «Жалаа жабуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Кийин Октябрь райондук соту Ормуковду «соттук отурумдарга келбей жатат» деген жүйө менен бир айга № 1- тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган. Буга улай анын батири да камакка алынган.

Эң көп окулган жаңылыктар