05:32
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Депутат: Нарындын тургундары үчүн станционардык дарылануу кыйынчылык жаратууда

Парламенттин жалпы жыйынында депутат Алмазбек Баатырбеков Нарын районунун тургундары үчүн станционардык дарылануу кыйынчылык жаратып жатканын айтты.

Нарында 280 миӊ адам жашай турганын айткан эл өкүлү дартка чалдыккан адамдардын көпчүлүгү Нарын шаарындагы облустук ооруканада дарылана тургандыгын айтты.

«Ошондон улам, Нарын шаары менен Нарын районунун тургундары үчүн станционардык дарылануу кыйынчылык жаратууда. Бүтүндөй бир облустун оорулуу адамдарын жалгыз ооруканага батыруу кыйын. Мурда Нарын шаары менен Нарын районунун тургундары үчүн өзүнчө оорукана куруу планы бар болчу, бирок ал демилге создугуп кетти. Өкмөт ушул маселени чечип берсе жакшы болот эле», — деп кошумчалады эл өкүлү.

Эң көп окулган жаңылыктар