06:20
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Президент Абдил Сегизбаевди элге жакын болууга чакырды

Президент Сооронбай Жээнбеков УКМК төрагасы Абдыл Сегизбаевди, Жемкорлук менен күрөшүү кызматынын директору Сагынбек Исмаиловду кабыл алды.

Ал 2018-жылдын биринчи кварталы боюнча УКМК Антикоррупциялык кызматынын ишмердигинин жыйынтыктарын талдоо коррупцияга каршы аракеттенүү багытында жакшы жылыш бар экендигин көрсөттү. Ошол эле учурда алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн мындан дагы катуу аракеттенип, колдо болгон бардык күчтөрдү жана каражаттарды пайдалануу зарыл экендигин баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков УКМК жетекчилигинен алдыга коюлган милдеттерди ишке ашыруу боюнча иштерди күчөтүп, мамлекеттик органдарда, анын ичинде сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарында коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча катуу чараларды көрүүнү, калк менен тыгыз иштешүүнү талап кылды.

«Кандайдыр бир коррупциялык кылмышка тиешеси бар ар бир чиновник мурдагы жетишкендиктерине жана эмгегине карабастан сөзсүз түрдө кылмыш жоопкерчилигине тартылууга тийиш», -деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Антикоррупциялык кызмат коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү менен бирге коррупциялык кылмыштарды жана укук бузууларды жасоого өбөлгө болгон себептерди жана шарттарды аныктоо аркылуу коррупциянын алдын алуу боюнча системдүү иш жүргүзүүгө тийиш экендигин белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар