11:41
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

ЖЭБти модернизациялоо. УКМК бүгүн эки жетекчини камоого алды

«Электр станциялары» ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаевдун артынан ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-апрелде УКМК тарабынан Бишкек жылуулук — электр борборунун , «Электр станциялары» жана «Улуттук энерго холдинг» ишканаларынын бир топ кызматкерлерине Кылмыш жаза кодексинин 221 (Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктардан аша чабышы) беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул кылмыш иши Бишкек жылуулук-электр борборундагы авария боюнча 30-январда Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинен өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп алынган.

Аталган маселе боюнча буга чейин «Электр станциялары» ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаев кармалган. Анын артына Темирлан Бримкулов дагы камакка алынып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, ЖЭБти модерназациялоо жана кыш айындагы кырсык боюнча мурдакы президент Алмазбек Атамбаев дагы оюн билдирген. Ал ага азыркы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековду айыптап, «күнөөлүүлөрдү тапсын, камасын» — деген.

Эң көп окулган жаңылыктар