Парламент бала төрөлгөндө мамлекеттик каттоого алып, өздүк персоналдык номерди ыйгарууну киргизүүнү сунуштайт. Бул тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш бүгүн 2-окууда добуш берүүгө жиберди.
Мыйзам долбоору Үй-бүлө кодексинин жана жарандык абалдын актылары чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерин Конституцияга ылайык келтирүүгө, ошондой эле жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды инвентаризациялоону, өркүндөтүүнү жана коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга багытталган.