5-апрелден 8-апрелге чейин кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, чек ара Кытайдын демилгеси менен маркумдарды эскерүү күнүнө карата жабылууда.
Жарандар жана транспорт каражаттары үчүн кыймыл 9- апрелде жанданат.