USD87.45EUR97.92RUB1.02
24.kg

Кыргызстан Орусияда дипломатиялык статуска ээ болгон 9 өкүлчүлүк ачууну көздөйт

12:27, 03 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети кыргыз өкмөтү менен Орусия өкмөтүнүн ортосундагы Миграция чөйрөсүндөгү компетенттүү органдардын өкүлчүлүктөрүн өз ара түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы Исхак Пирматовдун айтымында, келишимге ылайык, Кыргызстандын Миграция кызматы Орусия аймагында дипломатиялык кызматкер статусуна ээ болгон 9 өкүлчүлүк ачууну көздөйт. Ошону менен бирге, Орусиянын Бишкек жана Ош шаарларындагы 2 өкүлчүлүгү мыйзамдуу бекитилмекчи.

Депутаттар Тышкы иштер министрлигинен мындан ары да Орусияда эле эмес, чет өлкөлөрдүн баарында өкүлчүлүктөрдүн санын көбөйтүү чараларын колго алууну өтүнүштү. Алар буга кыргыз эмгек мигранттары жумуш берүүчүлөр менен соттошуп калганда, Кыргызстандын өкүлчүлүктөрдүн жоктугунан улам, көп маселелер оӊ жагына чечилбей калып жатканын мисал тартышты.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика