16:36
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ырчы Анжелика жолдошу Урмат Бекболиев менен мыйзамдуу ажырашты

Ырчы Анжелика жолдошу Урмат Бекболиев менен мыйзамдуу ажырашты. Бул тууралуу ал өзү instagram баракчасында билдирди.

Кечээ, 2-май күнү ырчынын ажырашуу боюнча арызы сотто каралды.

«Бир жылдан ашык убакыттан бери жолдошум менен жашабай калгандыгым баарыңарга белгилүү. Көптөгөн соттук процесстерден киийн акыры чечим чыгып, мыйзамдуу негизде ажыраштык. Мындан аркы жашоо биздин жеке ишибиз. Бул дүйнөдө ажырашкан жалгыз биз эмеспиз» — дейт жазат ырчы.

Эскерте кетсек, Анжелика буга чейин instagram баракчасынын аталышын дагы өзгөрткөн. Урмат Бекболиев менен 10 жыл чогуу жашап, үч кыздуу болушту.

Өткөн жылы Анжеликанын жеке жашоосуна байланыштуу бир нече ызы-чуулуу маалыматтар жарыяланган. Жергиликтүү гезиттердин бирине берген маегинде, Анжелика керектүү учурда ага күйөөсү колдоо көрсөтө албагандыгына таарынычын билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар