USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Депутаттыкка аттанган Анжелика Кайратова эскертүү алды

10:32, 26 марта 2021, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы ырчы Анжелика Кайратовага эскертүү берди. Бул тууралуу шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ырчынын «Де-факто» гезитине берген маегинде рекламалык материалды ким төлөп жатканы көрсөтүлгөн эмес. Бул мыйзам бузуу болуп саналат.

Ырчы ат салышып жаткан «Биздин эл» партиясы интервью шайлоо өнөктүгү башталганча берилип, бирок, гезиттин катачылыгынан улам 12-мартта чыккандыгын айтышты. Мындан улам Анжелика Кайратова кат түрүндө эскертүү берилди.

Анжелика Кайратованын ГИВ ойнотуп, батир жана башка белектерди убадалышы боюнча иш Башкы прокуратура тарабынан каралууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика