19:54
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кечирим сурашсын. Шоу-бизнес жылдыздары журналисттерге нараазы

Анжелика Кайратова «Супер-инфо» гезитине маалымат бербегенин айтып, анын Super.kgге берген видео комментарии бурмаланып чыкканын жарыялады.

Ал гезиттин «Жүрөгүм бош эмес, жигитим колумду сурады» темасындагы билдирүүсүнө нараазы.

«Жигитим деп айткан эмесмин. Жүрөгүм бош эмес экени туура. Бирок, жигит жандап жүрө турган куракта эмесмин. Менин уруксатымсыз мен жөнүндө калп маалымат таратканы токтоткула», — дейт Анжелика.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Болгондо дагы биринчи бетте!!! »Жигитим” деп мен айткан эмесмин! Журогум бош эмес, туура! Биринчиден, мен гезитке интервью берген жокмун! Экинчиден, негативтен ырахат алгансып комментарийлеринерде элди кырылыштырып контент топтойт экенсинер. Арасында отко май тамызган акаунттар өзүнөрдүн аранардагынар болсо керек. Менин уруксатымсыз мен жөнундө калп маалымат таратуунарды токтоткула. Силер менен достошуп, эч кимге бербеген интервьюмду берип келе жаткам. Кызым- Айыманын жайында шагын сындырганынар жетишет болчу! Башкы редакторунар байланышам деп бир ай куттурду!!! Кызым силерге ошондон кийин интервью бербейт деп өзүмө сөз бергем. Маданияты жок кабарчынар менен ал маселени жөнгө салбадынар. Сабыр кылдым. Эми акаунтунарга элдер тундук -туштук болуп кырылышып жатса, мени жигит жандагыдай озун жаш кыз кылып деп ырбатып жатасынар!!! »Анжелика:” эмес, Анжеликанын журогу бош эмес экен. Бактылуу болсун!- деп койсонор болбойбу?!!

Публикация от Кайратова Анжелика Кайратовна (@anjelika_kairatovna_official)

Анжеликаны бул билдирүүсүн айрым шоу-бизнес өкүлдөрү колдоого алышты.

«Анжелика, сага толук кошулам! 7 жыл мурун булар менден алган интервьюну да бурмалап чыгарышкан. Бир кечирим сурашкан жок. Ошондон бери, булар менен мамилем жок», — деп жазды ырчы Самат Дөөлөтбаков.

«Супер инфону биринчи көрүп жатасыңбы?», — дейт Асыл Апасова.

Анжелика өзү учурда кыздары менен Мальдива аралында эс алып жүрөт.

Эң көп окулган жаңылыктар