02:41
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ырчы Анжелика Кайратова президентке социалдык дарыкана ачууну сунуштады

Ырчы Анжелика Кайратова президент менен болгон жолугушууда өлкөнүн бардык аймактарында социалдык дарыкана ачууну сунуштады. Бул тууралуу ал Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушуудан кийин маалымдады.

Анын айтымында, жолугушуу коронавирус илдетинен улам каза болгондорго багыштап куран окуу менен башталган.

«Мен өлкөнүн бардык аймактарына социалдык дарыкана ачууну сунуштадым, ал жактагы бааны мамлекет көзөмөлдөп турат. Ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулукка көңүл бурууну жана ага курман болгондорго колдоо көрсөтүү үчүн кызуу линияларын түзүү жетишсиз экендигин айттым. Медиктерди колдоо иретинде алардын айлык маянасын 10-15 күн сайып берип, жеке коргонуучу каражаттар менен жана витаминдер менен камсыздап туруу керектигин кошумчаладым. Эски мейманканаларда ачылган стационарлардын абалы тууралуу айканыбызда, өлкө башчы акча бөлүүнү убадалады», — дейт Анжелика Кайратова.

Эске сала кетсек, бүгүн өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков коронавирус жана жугуштуу пневмония менен күрөшүүдө дарыгерлерге жардам берген ыктыярдуу кыймылдын активисттери менен жолугушту.

Кечээ белгилүү болгондой, айрым активисттер мамлекет башчысы менен жолугушуудан баш тартышкан.

«Бирге» ыктыярчылар бирикмесинин жетекчиси Айдана Оторбаева кечээ, алар саясаттан алыс экендигин жазып чыккан.

«Бирге» ыктыярчылар биримдигинин жетекчиси катары жана бардык мүчөлөрдүн атынан айтсам, эртеңки жолугушууга бизден эч ким барбайт. Биз таптакыр эле саясаттан алыспыз. Биз кандай гана болбосун саясат менен байланышууну каалабайбыз», — деп жазган.

Эң көп окулган жаңылыктар