01:40
USD 84.80
EUR 103.01
RUB 1.13

Анжелика Кайратова кайра турмушка чыгат

Белгилүү ырчы Анжелика Кайратова кайра турмушка чыгат. Бул тууралуу ал өзүнүн инстаграм баракчасында билдирди.

Анжеликанын колун сүйүктүүсү Дубайда эс алып жүргөн мезгилде сураган. Ырчы макул болгондугун жарыялады.

«Чымчыктын дагы уясынын бузулушун эч ким каалабайт. Ушул күнгө чейинки айтылган кептердин баары — ушак. Ар бирибиз- бактылуу болууга татыктуубуз», — дейт ырчы.

Ырчынын күйөрмандары анын болочок күйөөсүнүн ким экендигин божомолдошууда. Айрымдар бизнесмен Марат Назаров менен кайра табышканын айтышса, айрымдары кыздарынын атасы Урмат Бекболиев менен жарашып жатканын белгилешүүдө.

Белгилей кетсек, өткөн жылы Анжелика казак жигитине турмушка чыкмай болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар