10:45
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Рязанда жол кырсыгына кабылган эки кыргызстандыктын абалы оор

Орусиянын Рязань облусундагы М-5 трассасында жол кырсыгына кабылгандардын экөөнүн абалы оор. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү билдиришти.

Диаспора өкүлдөрү Рязань облусттук ооруканасында жаткан мекендештерибизден кабар алып келишти.

Алардын маалыматында, Рязань облус ооруканасында Закиржон уулу Карганбек, Жоробай уулу Шайырбек, Ашимбаев Суйунбек жана Камчыбек кызы Эльмира жатышат. Ал эми Шацк райондук ооруканасында Тиллебаева Гулжамал, Акматов Миражидин, Садыкбаева Акмарал жана Мурзаева Жумагүл дарыланууда. Алардын абалы орто.

Орусиядагы мекендештер жабыркагандарга жардам топтоодо.

Эскерте кетсек, 1-апрель күнү саат 09:30 чамасында Рязань облусунун Шацкий районунда, Урал М5 унаа жолунун 377-чакырымында «Хонда-Степ» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдун жээгиндеги электр карагайын сүзүп алган. Анда 8 Кыргызстандын жараны жабыркаган.

Эң көп окулган жаңылыктар