23:59
USD 88.34
EUR 95.27
RUB 0.96

Москвада 32 жаштагы кыргызстандык терроризмге айыпталууда

Москвада 32 жаштагы кыргызстандык Талант Онуров терроризмге айыпталууда. Бул тууралуу маалымат Россиянын тергөө комитетинин сайтында жарыяланды.

Маалыматка караганда, Талант Онуровго карата иликтөө иштери аяктап, «Электрондук жана маалымат-телекоммуникациялык байланышты колдонуу менен терроризмди үгүттөө» жана «Террордук актыны даярдоо» айыбы тагылды.

Тергөөнүн билдирүүсүндө, кыргыз жараны Москвада 2019-жылы келип, бир ай бою террордук акты жасоо үчүн жардамчыларды издеген. Ал Кыргызстанда жүргөндө дагы Россияда тыюу салынган «Ислам мамлекетин» үгүттөгөн видеороликтерди өзүнүн баракчасына жайгаштырган.

Ал 2020-жылдын октябрь айында кармалган.

 
Эң көп окулган жаңылыктар