USD87.45EUR98.38RUB1.04
24.kg

Орусия: курулуш тармагына дагы 1,2 млн жумушчу жетишпей жатат

16:40, 10 марта 2021, Бишкек - 24.kg

Орусия бийлиги курулуш тармагында дагы 1,2 млн жумушчу жетпей жатканын билдирди. Буга коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралардын жабык болуп жатканы себеп болууда.

9-мартта Орусиянын курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министри Ирек Файзуллин өлкөнүн айрым аймактары жумуш орундарын орус жарандарынын эсебинен толтурууга кудуретсиз экенин айткан.

Орусияга кирүүдөгү чектөөлөрдөн улам көптөгөн курулуш компаниялары өлкөнүн курулуш министрлигине кайрылып, мигранттарды ишке тартууга көмөк көрсөтүүнү сураган.

Орусия Борбор Азия мамлекеттеринен эмгек мигранттарын кабыл алган негизги өлкө болуп эсептелет.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика