08:49
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Душанбе менен Москва авиабайланыш маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт

Эртең Тажикстандын делегациясы авиабайланыш маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Москвага барат. Бул тууралуу өлкөнүн Жарандык авиация башчысынын биринчи орун басары Азиз Набизода билдирди.

Делегация курамында авиакомпаниялардын, Транспорт, Юстиция жана Тышкы иштер министрликтеринин өкүлдөрү бар. «Бул маселе боюнча Орусиянын өз кызыкчылыктары бар. Биз өз кызыкчылыгыбызды коргойбуз. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө бардык маселелер чечилет деген ойдомун», — деп билдирди Набизода.

​Өткөн аптада Орусиянын Транспорт министрлиги бул маселе боюнча Тажикстандын авиабийликтери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 5-апрелге чейин жыйынтыктарга жетишүүнү күтүп жатканын кабарлаган. «Биз аларга 5-апрелге чейин убакыт бердик», — деп билдирген анда Орусиянын транспорт министри Максим Соколов.

Кечээ «Сомон Эйр» авиакомпаниясы жүргүнчүлөрүнө 2-апрелден тарта Душанбе менен Худжанддан Орусиянын 7 шаарына каттамдарды убактылуу токтото турганын эскерткен. Авиакомпания жетекчилиги бул Росавиациянын 31-мартта жөнөткөн телеграммасынын негизинде аргасыз кабыл алынган чечим экенин айтты.

Орус тараптын телеграммасында Душанбе Тажикстандын аймагына каттамдарды аткаруу боюнча «Урал аба жолдорунун» өтүнүчүн толук канааттандырбагандыктан, Орусия тажик авиакомпанияларынын белгилүү бир багыттар боюнча иштешине уруксат бербей тургандыгы жазылган.

​Орусия менен Тажикстандын ортосундагы аба жолу боюнча жаңы чыр 12-мартта, тажик тарап «Урал аба жолдорунун» Пермден Душанбеге каттам аткаруусуна уруксат бербей койгондон кийин башталган. Буга жооп кылып Орусиянын Транспорт министрлиги тажик жүргүнчү ташуучусуна «жооп чараларын» көрөрүн эскерткен.

Эң көп окулган жаңылыктар