11:52
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Депутат «кара тизмеге» кирген фирмалар тендерден утуп жатканын айтты

Социал-демократтар фракциясынан депутат Төрөбай Зулпукаров парламенттин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда типтүү курулуш долбоорлору боюнча «кара тизмеге» кирген фирмалар тендерден утуп жатканын айтып чыкты.

«Тендерге андай подрядчиктерди катыштырбаш керек. Мисалы, Ноокат районунда таза суу менен камсыз кылуу жаатында подряддык жумуштарды аткарган бир фирма бар. Ал сотто утулуп, 2 млн 900 миӊ сом төлөөгө аргасыз болгон. Ал жакында жарыяланган тендерде кайрадан жеӊүүчү деп табылыптыр. Мындай подрядчитерди тендерге такыр жолотпош керек», — деди депутат.

Ошондой эле Төрөбай Зулпукаров типтүү курулуш долбоорлорунан канча каражат үнөмдөлгөнүн сурап кызыкты.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев бир типтүү долбоорго 1,5 миллион сом жумшала турганын билдирди.

«Ошентип, мектеп имараттарын куруудан эле 2017-жылдын жыйынтыгында баш-аягы 1 миллиард сомго жакын каражат үнөмдөлдү. Ал эми «кара тизмеге» кирген фирмаларды өзүнчө карап жатабыз», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар