14:34
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Маршрут айдоочулары тарифти жогорулатууну талап кылууда

Бишкекте маршруттук таксилердин айдоочулары митингге чыгышты. Алар менен жолугушууга вице-мэр Геннадий Милицкийс келди.

Айдоочулар ага өздөрүнүн доо-арыздарын билдирди. Алар тарифти жогорулатуу менен айыптын суммасын төмөндөтүүнү, андан тышкары жолдун эки тилкелүү бөлүгүнөн бурулууга уруксат берүүнү талап кылышууда.

«Ошол эле троллейбустар жана автобустар жолдун эки тилкелүү бөлүгүнөн бурулса болот, ал эми бизге уруксат жок. Бизди дагы алар менен теңесин. Андан тышкары бирдиктүү формага өтүүгө каршыбыз. Сапаты начар чыптамалар 750 сомго сатылып жатат. Камсыздандыруу документ үчүн айып салууну 2018-жылдын майына чейин токтотуп турууну талап кылабыз», — дейт айдоочулар.

Эскерте кетсек, бүгүн маршруттук таксинин айдоочулары иш ташташты.

Эң көп окулган жаңылыктар