19:39
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Бишкекте эки миң үч жүз бустун төрт жүзү гана каттамга чыкты

«Учурда шаар көчөлөрүндө төрт жүзгө жакын маршруттук такси жүргүнчүлөрдү ташууда». Бул тууралуу Бишкектин вице-мэри Геннадий Милицкий билдирди.

Ал таң эрте маршруттук таксилердин диспетчердик пункттарында болгон учурда саналуу гана унаалардын ишке чыкканына күбө болгон. Тактап айтканда, эки миң үч жүз бустун төрт жүзү гана каттамга чыккан.

«Андан тышкары 127 автобус жана 107 троллейбус иштеп жатат. Алар кечке чейин иштешет», деди ал.

Ошондой эле маршруттук таксилердин токтоочу жайын көзөмөлгө алуу үчүн шаарда 16 милициялык топ иш алып барууда.

Эскерте кетсек, кечээ, маршруттук таксинин айдоочулары иш таштаган.

Эң көп окулган жаңылыктар