16:01
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Транспорттук коллапс. Бишкек мэриясы провокация экенин айтууда

Бишкектин вице-мэри Геннадий Милицкий «24.kg» агенттигине маршруттук таксилердин иш таштоосу боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, учурда ал маршруттук кичи автобустардын айдоочулары менен жолугуп сүйлөшүүдө.

"Айдоочулар жумушка чыгууга даяр. Бирок аларды кимдир бирөөлөр каттамга чыгарбай жатышыптыр. Ал адамдарды табуу керек. Бул провокация«,- деди ал.

Вице-мэрдин айтымында, айдоочулардын конкреттүү талаптары деле жок.

«Болгону алар Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы катуу текшерүүгө алып жатканын айтышууда. Албетте, бул туура иш», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар