20:28
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Курулуш тизмесине жаңы объектилерди киргизүүгө мораторий жарыялоо сунушталууда

«Республика  Ата Журт» фракциясы мамлекеттик курулуштардын тизмесине жаңы объектилерди киргизүүгө мораторий жарыялоо сунуштады. Бул тууралуу алар бүгүнкү жыйында билдирди.

Фракция мүчөлөрү курулушу башталган объектилердин чыгымдарын каржылоо механизмдери жана анын натыйжалуулугуна байланыштуу маселелерди такташты.

Депутат Үмбөталы Кыдыралиев саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагы боюнча курулуштардын каржыланышына кызыкты. Каржы министринин айтымында, курулушу создугуп кеткен объектилерди бүткөрүү приоритет катары саналат. Мындан сырткары, ал бюджет чыгымынын басымдуу бөлүгү жаратылыш кырсыгынан жапа тарткан объектилерди калыбына келтирүүгө кетип жатканын баса белгиледи. Акыркы эки жылда ирригация, дарыя жээктерин бекемдөө иш-чараларына өзгөчө көңүл бурулууда.

Депутат Бактыбек Райымкулов «Жерүй» алтын кенинин лицензиясын сатуудан түшкөн каражатка 105 мектеп курулат деген өкмөттүн планынын аткарылыш жыйынтыгын сурады.

"2016-жылы бул каражатка республика боюнча билим берүүнүн 63 объектиси бүтүп, 42си иш жүзүнө ашыруу стадиясында турат«,- дейт Касымалиев.

«Жерүйдүн» каражаттарына мектептердин курулушу боюнча канааттандырарлык жооп ала албаган Райымкулов бул маселени иликтөө үчүн жумушчу топ түзүүнү сунуш кылды.

Талкуу жыйынтыгында фракция мүчөлөрү өкмөткө республикалык бюджеттен каржыланган мамлекеттик курулуштардын тизмесине жаңы объектилерди киргизүүгө мораторий жарыялоо жөнүндө чечим кабыл алууну тапшырышты.

Эң көп окулган жаңылыктар