04:17
USD 69.83
EUR 79.74
RUB 1.06

Ысык-Көлдө терс диний агымдарды алдын алуу боюнча жыйын өттү

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда терс диний агымдарды алдын алуу боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарада дин кызматкерлери, УКМК жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү терс диний агымдардын алдын алуу, зомбулукту, аракечтикти токтотуу жана зынааны болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүздү.

Жыйын суроо-жооп менен коштолуп, коомдогу терс көрүнүштөрдү болтурбоодо коомчулук менен тыгыз иштешип, түшүндүрүү жана агартуу, маалымат жеткирүү маселелери каралды.

"Аалам үчүн тынчтыктын болуусу зарыл. Ошол себептүү коомчулукка арактын зыяндуулугу жана убакытты текке кетирбөө туурасында бир топ маалыматтарды жеткирүү кажет. Бул иш чара алдынкы күндөрү дагы улантылып, жалпы мектептерге уюштурууну пландап жатабыз",- деди Жети-Өгүз районунун баш имам хатиби Каныбек ажы Кожогулов.

Эң көп окулган жаңылыктар