22:48
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жүк ташуучу унаа менен Орусияга бара жаткан жарандар кармалды

Жүк ташуучу унаа менен Кыргызстандан мигранттарды ташып бара жаткан айдоочу кармалды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 27- мартта Южноуральск-Магнитогорск жолунан азык-түлүк ташууга багытталган фургон токтотулуп, текшерүүгө алынды. Анын ичинен Орусияга келе жаткан Кыргызстан жарандары чыкты. Айдоочу өзү дагы Кыргызстан жараны болгон. Аларга айып салынып, Челябинск облусунан чыгарылды.

Эң көп окулган жаңылыктар