07:39
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Казарман-Актал-Чат унаа жолу бир тараптуу калыбына келди

Казарман-Актал-Чат унаа жолу бир тараптуу калыбына келди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 27-мартта, саат 22:00 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ак-Союл дарыясынын деңгээли көтөрүлгөн. Анын кесепетинен Казарман-Актал-Чат жолунун 18 чакырымдан 25 чакырымга чейинки бөлүгү желген. Жол жабылып, аны тазалоо иштерине ӨКМнын 10 кызматкери тартылган.

Унаа жол бир тараптуу ачылып, тазалоо иш-чаралары улантылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар