14:40
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Тогуз-Тороодо суу Казарман-Актал-Чат жолунун бир бөлүгүн жууп кетти

Тогуз-Тороодо катуу жааган жамгырдан улам суунун деңгээли көтөрүлүп, Казарман-Актал-Чат жолунун бир бөлүгүн жууп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-мартта, саат 22:00 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ак-Союл дарыясынын деңгээли көтөрүлгөн. Анын кесепетинен Казарман-Актал-Чат жолунун 18 чакырымдан 25 чакырымга чейинки бөлүгү желген. Учурда жол жабык. Жабыркагандар жок. Жолду тазалоо иштерине ӨКМнын 10 кызматкери тартылган.

Эң көп окулган жаңылыктар