18:47
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Экс-депутат Каныбек Осмоналиевдин иши тергелип бүттү

Экс-депутат Каныбек Осмоналиевдин иши тергелип бүтүп, сотко жиберилди. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине ал өзү билдирди.

Маалыматка ылайык, иш Биринчи май райондук сотунда каралат. Отурум 6-апрелге белгиленди. Мурдагы депутат «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Паракорлук» беренелери боюнча айыпталууда.

Эскерте кетсек, 2014-жылы УКМК Кыргыз-Орус Славян университетине 24 студенттин мыйзамсыз кабыл алынышы боюнча кылмыш ишин козгогон. Анда абитуриенттер ошол кездеги Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиевдин окуу жай жетекчилигине жазган катынын негизинде кабыл алынганы маалымдалган. Жабылган кылмыш иши жаңы жагдайларга байланыштуу быйыл 23-январда кайра ачылды.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, студенттер окуу жайга депутаттын сунушу менен кабыл алынганын тергөө аныктады. Ал эми мурдагы депутат бул иш саясий буйрутма экенин айтууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума