«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.
Суроо: Балам барган бала бакчадагы тарбиячы хижаб кийип калыптыр. Бул мыйзамдуубу?
Жооп: Дин мамлекетттен ажыратылган. Бирок, ошол эле учурда ар бир жарандын дин тутуу эркиндиги бар. Эгер бала бакча менчик түрүндө болсо, анда бул маселени кожоюн чече алат. Сизде кандайдыр бир кооптонуу болсо, анда бакчаны алмаштыргаңыз оң.