12:47
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кыргызстандыктар РФда каза болгондорду эскерип элчиликтин алдына гүл коюууда

Кыргызстандыктар Орусияда өрттөн каза болгондорду эскерип, элчиликтин алдына гүлдөрдү, шамчырактарды жана оюнчуктарды коюшууда.

Эскерте кетсек, кырсык 25-мартта Орусиянын Кемерово шаарында жайгашкан «Зимняя вишня» соода борборунда катталган. Өрт имараттын төртүнчү кабатында кино театр жана балдар аттракциону жайгашкан жайдан чыккан. Тилсиз жоо 1200 чарчы метр жерди каптап, кечинде чектөөгө алынып, өчүрүлгөн. Бирок, эртең менен имарат кайрадан күйө баштаган.

Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, тилсиз жоонун кесепетинен 64 киши каза болуп, 6 адам табыла элек. Андан тышкары жабыркаган 10 адам ооруканада.

Эң көп окулган жаңылыктар