09:03
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Орусияда өрттөн жабыркагандар арасында КР жарандарынын бар жогу такталууда

Орусиянын Кемерово шаарында жайгашкан «Зимняя вишня» соода борборунда катталган өрттүн кесепетинен каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстан жарандарынын бар жогу такталууда. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, соода борбор 25- март күнү өрттөнгөн. Кемерово облусунун губернаторунун орун басары Владимир Черновго шилтеме берүү менен Орусиянын маалымдоо каражаттары өрт имараттын төртүнчү кабатындагы кино театрлардын биринен келип чыкканын маалымдашкан.

Тилсиз жоонун кесепетинен 39 киши каза таап, дагы 43ү жаракат алганы айтылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума