02:43
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Ташкент — Бишкек — Балыкчы темир жол каттамы ачылды

Өзбекстандан чыккан Ташкент — Бишкек — Балыкчы каттамы менен 77 киши келе жатат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз катчысы Эркинбек Каимов билдирди.

Анын айтымында, алгачкы каттам, 22-мартта Бишкек убактысы боюнча саат 23:50 чамасында Өзбекстандан Кыргызстанга бет алган. Ал бүгүн, саат 19:00дө Бишкекке келип, жарым саат турган соң Балыкчыны көздөй багыт алат. Ал эми Балыкчыга түнкү саат 23:00дө барат.

«Бул алгачкы каттам. Ташкенттен 77 киши келе жатат. Алардын арасында 20 киши маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү. Андан тышкары Өзбекстан темир жолунун ардагерлери жана жаштар кеңешинин лидерлери бар», — деди Каимов.

Анын айтымында, келген делегаттарды Бишкекте жана Балыкчыда салтанаттуу тозуп алышат. Келе жаткан аптадан тартып каттам дайым жүрө баштайт. Плацкарт үчүн билеттин баасы — 2500 сом, купе — 3378 сом, ал эми люкс вагон — 6432 сом турат.

Эскерте кетсек, 13-декабрда Кыргызстан президенти Сооронбай Жээнбеков менен Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев автобустук жана авиа каттамдарды Бишкек — Ташкент маршруту аркылуу гана эмес Ташкент — Ош маршруту аркылуу ачууну макулдашкан. Ошондой эле темир жол каттамы боюнча дагы сүйлөшүүлөр жүргөн.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума