11:56, 23 марта 2018, Бишкек - 24.kg
Суроо-жооп: Мечитке видео байкоо орнотуу мыйзамдуубу?
11:56, 23 марта 2018, Бишкек - 24.kg
«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.
Суроо: Мечитте видео камералардын орнотулушу мыйзамдуубу?
Жооп: Бул видео байкоонун жайгашкан жерине байланыштуу болот. Эгер видео байкоо мечиттин сыртына жайгашып, короону көзөмөлдөөгө багытталган болсо анда ал мыйзамдуу. Бирок, мечиттин ичинде жайгашса, ага сиз каршы болсоңуз, имамга, муфтиятка же сот органдарына кайрылсаңыз болот. Себеби, сизде жеке укук жана дин тутуу эркиндиктериңиз бар.Тема боюнча жаңылыктарСуроо-жооп: Күйөөм иштесе беш маал намаз окуй албастыгын айтып, үйдө олтурат