11:49
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Баткенде 32 мечит жана 5 диний окуу жайы жабылды

Мекемелер аралык жумушчу топ Баткен облусунун аймагындагы диний объектилердин ишмердүүлүгүн текшерди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» КР мыйзамынын талаптарын бузгандыгы, архитектуралык-курулуш, санитардык-эпидемиологиялык нормалардын жана өрт коопсуздугунун талаптарын бузгандыгы үчүн 55 мечитке жана 6 диний окуу жайга акт түзүлүп, көрсөтмөлөр берилди.

Мындан тышкары, 32 мечиттин жана 5 диний окуу жайдын ишмердүүлүгү токтотулуп, Баткен облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан 8 материал маалыматтарды каттоо журналына катталды.

УКМКдан белгилешкендей, Баткен облусунун аймагында диний кырдаалга терс таасирин тийгизген, радикалдык-экстремисттик идеологиянын динге ишенгендер арасында жайылышына өбөлгө түзгөн негизги факторлор болуп, белгиленген нормаларды, калктын реалдуу муктаждыктарын эске албай диний объектилердин башаламан курулушу, ошондой эле бирдиктүү стандарттардын жоктугу жана диний билим берүү мекемелеринде билим берүүнү көзөмөлдөөнүн жоктугу эсептелет.

Топтун курамына УКМК, ИИМ, ДИМК, Өзгөчө кырдаалдар, Саламаттык сактоо министрликтеринин, президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, Башкыархитектуранын өкүлдөрү, «Кадастр» мамлекеттик мекемеси жана КМДБнын өкүлдөрү кирди.

Эң көп окулган жаңылыктар