04:52
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкектеги жаңы муниципалдык автобустардын салондоруна камералар орнотулду

Бишкектеги жаңы муниципалдык автобустардын салондоруна жана кичи автобустардын 80 пайызына камералар орнотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул жылы Бишкекке Кытайдан алынып келинген автобустар камералар менен жабдылып келген.

«Камералар салондун борборуна жана арка тарабына орнотулду. Мындай кадам чөнтөк ууруларыннан сактанууга жардам берет. Линияга чыккан 147 троллейбустардын 87сине камералар орнотулду», -деп билдиришти мэриядан.

Эң көп окулган жаңылыктар