07:56
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Санкт-Петербургда Кыргызстан жараны Өзбекстан жаранын бычактады

Санкт-Петербургда 25 жаштагы Кыргызстан жараны 35 жаштагы Өзбекстан жаранын бычактады. Бул тууралуу Орусиянын маалымдоо каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кырсык 20-мартта катталган. «Вкусные суши» барынын чабарманы ошол эле жайдын ашпозчусу менен урушуп кеткен. Анын кесепетинен Кыргызстан жараны чабарманды бычак менен ичке сайган. Жабырлануучу дароо ооруканага жаткырылган. Учурда аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп,  тергөө иштери жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар